Ссылки доступа

Өзбекстанда Тышкы миграция агенттигинин башчысы кармалды


Өзбекстандын Тышкы миграция агенттигинин башчысы Афзал Ирматов кармалды.

Kun.uz сайты билдиргендей, Афзал Ирматов жыл башынан бери ишке келген эмес.

Быйыл январда Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Тышкы миграция агенттигинин жооптуу адамдарына карата козголгон кылмыш ишин тергеп жатканы айтылган.

Аларга карата “Кызмат абалынан же ыйгарым укуктарынан кыянат пайдалануу” беренеси менен иш козголгон.

Бул миграция агенттигинин кызматкерлерине карата козголуп жаткан алгачкы иш эмес. Төрт жыл мурун анын жетекчилери узак мөөнөткө соттолгон. 2018-жылы ноябрда ведомствонун башчылары ири өлчөмдө пара алуу айыбы менен кармалган.

Айрым булактар миграция агенттигинин 20дай кызматкери Түштүк Кореяга иш үчүн бараткан кишилерден жалпысынан 20 миллион доллар пара алышканын билдиришкен. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кийинчерээк бул маалыматты тастыктаган.

Тышкы миграция агенттигин мурдагы башчысы Равшан Ибрагимов менен орун басары Улугбек Назаров 12 жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG