Алгачкы саясатчы аял жана Канада парламентинин мүчөсү Агнес Макфейлдин атындагы ар жылы тапшырылуучу сыйлыкты Шарипова мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринен турган кыймылдын беш жылдык ийгиликтүү ишмердүүлүгү үчүн алды. Шарипова жетектеген бул кыймыл Канададагы иммигранттардын 70 үй-бүлөсү менен иштешип, аутист балдардын укуктарын коргоо жана аларга жардам берүү менен алектенет.
Шахло Шарипова балдарынын бири аутизм менен жабыркаганына байланыштуу Канадага 2009-жылы кетип, бул өлкөнүн жарандыгын алган. Ага чейин Душанбе шаарында офтальмолог-дарыгер болуп иштеп, жергиликтүү коомчулуктар уюштурган долбоорлорго ыктыярчы катары катышып келген.