Ссылки доступа

Казакстан: Издөөдөгү 600 кишинин көбү Орусия, АКШ жана Түркияда жашырынып жүргөнү аныкталды


27-мартта Казакстандын Башкы прокуратурасы түрдүү кылмыштарга шектелген 2,5 миң киши качып жүргөнүн кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, соңку үч жылда укук коргоо органдары кылмыш жасоого шектелген 3 миңден ашык кишиге издөө салган.

Ушул тапта алардын 500ү кармалды, арасында чет мамлекеттерде колго түшүп, Казакстанга экстрадициялангандары да бар.

– Азыр 2500 киши изделип жатат. Анын 400ү алдамчылыкка, 250сү уурулукка шектелүүдө. Оор жана өтө оор кылмыш жасоого шектелген 400 кишинин 250сү кармалды, - деп айтылат билдирүүдө.

Чет мамлекеттер менен кызматташуунун натыйжасында издөөдөгү 600 шектүүнүн жүргөн жери аныкталды. Алардын көбү Орусияда, АКШда, Түркияда, Бириккен Араб Эмираттарында, Кыргызстан, Өзбекстан жана Украинада жашынып жүргөн.

XS
SM
MD
LG