Ссылки доступа

Талибдер Балх губернаторунун өлүмүнө тажикстандыктарды айыптады


Мухаммед Дауд Музамил
Мухаммед Дауд Музамил

Талибдер Балх провинциясынын губернатору каза болгон кол салууга "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук тобунун катарында жүргөн тажик жарандарынын тиешеси бар деп эсептейт.

"Талибан" кыймылы дайындаган Балх провинциясынын губернатору Мухаммед Дауд Музамил 9-мартта кеңесиндеги жардыруудан каза болгон. Жергиликтүү басылмалар теракттан дагы эки жай тургун өлүп, 30жай адам жараат алганын кабарлашкан.

"Талибан" өкмөтүнүн Чалгындоо башкармалыгы атайын операциянын жүрүшүндө "ИМ-Хорасан" тобунун үч жоочусу жок кылынганын билдирген. Бул топ "Ислам мамлекетинин" жергиликтүү уячасы болуп эсептелет.

"Талибандын" бул билдирүүсүн көз карандысыз булактар аркылуу текшерүүгө мүмкүн болгон жок.

ТАСС агенттиги талибдердин атайын кызматына шилтеме кылып, Фараб провинциясындагы атайын операциянын жүрүшүндө Балхтын губернаторуна кол салган кишилердин баары кармалганын жазды. "Талибандын" жооптуу адамдары бул топтун мүчөлөрү – тажик жарандары жакында Балхтын башчысына кол салуу үчүн Ооганстанга жөнөтүлгөнүн билдирүүдө.

Тажикстандын бийлиги "Талибандын" мындай билдирүүсүнө жооп кайтара элек. Буга чейин Душанбе Ооганстанда ИМ тобуна тиешеси бар деп кармалган тажикстандыктар тууралуу маалыматтарды бир нече жолу ырастаган. Алардын көбү Тажикстандын өзүндө да оор кылмыштарга шектелип издөөгө алынгандар болгон.

XS
SM
MD
LG