Ссылки доступа

Кытай Борбор Азия өлкөлөрүндөгү "чоң пландары" жөнүндө билдирди


Бээжин Москванын Кытайга болгон көз карандуулугу күчөп жаткан чакта Борбор Азия өлкөлөрү менен өз ара кызматташуунун жаңы форматы жөнүндө билдирди.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Нооруз майрамына карата Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерине жөнөткөн куттуктоосунда аларды быйыл май айында Бээжинде өтө турган "Кытай – Борбор Азия" саммитинде тосуп алып, эки тараптуу жолугушууларды өткөрсө кубанычта болорун билдирди. Си президенттерге жөнөткөн катынын ар биринде алдыдагы жолугушууларда "абдан чоң" пландар талкууланарын жазган.

Украинада уланып жаткан согуштун фонунда Кытай төрагасынын Борбор Азия лидерлери менен өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы форматы эксперттердин чоң кызыгуусун жаратууда.

"Мындай форматтын демилгеленгенинин өзү эле Бээжин биздин өлкөлөрдү түрдүү формалар менен өзүнө байланыштырууга киришкенин көрсөтүп турат. Кытай тарап 2019-жылы С+С5 (Кытай+Борбор Азия) механизмин түзгөн. Бирок ал өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери катышкан салттуу механизм болчу. Эми болсо жолугушуулар эң жогорку деңгээлде өткөнү турат", – деди "Кытайды жана Борбор Азияны изилдөө" институтунун казакстандык талдоочусу Руслан Изимов.

Анын айтымында, Бээжин туруксуздуктун Шинжаң-уйгур автоном облусуна өтүп кетүүсүнө жол бербөөгө аракет кылууда. Ошол эле маалда Борбор Азиядагы туруктуулукту жана азыркы режимдерди сактап калууга болгон аракетин көрөт.

"Борбор Азия жана Кытай лидерлеринин саммитинин жаңы форматы да ушул себептен улам демилгеленип жатат. Бул жагынан алганда Кытай өзүнүн Борбор Азия боюнча экспертизасын жогорулатууга басым жасайт деп күтсө болот", – деп кошумчалады Изимов.

Эксперттердин баасы боюнча, Борбор Азиядагы бардык беш өлкөдө тең Конституциялар авторитардык лидерлердин кызыкчылыгы үчүн өзгөртүлүп турган авторитардык саясий режимдер бар. Бул өлкөлөрдүн стратегиялык өнөктөшү эсептелген расмий Бээжин аларга колдоосун билдирип, чөлкөмдө "түстүү революцияларга" жол бербөө керектигин дайыма айтып келет. Москва да Борбор Азияда ушундай эле позицияны карманып келет.

Көз карандысыз саясат тануучу Парвиз Мулложановдун пикиринде, Москванын Бээжинге болгон экономикалык жана саясий көз карандуулугунун өсүшүн эске алганда, Кремль Кытайдын Борбор Азиядагы таасиринин артып жатышына мындан кийин да көз жумуп коё берет. "Жакынкы убактарда Кытай аймактагы өлкөлөрдө аскердик базасын ачуу ниетин билдирсе да Москва макул болот. Анткени анда мындан башка варианты жок", – деди Мулложанов.

People's Daily басылмасынын маалыматына караганда, 2020-жылдын соңуна карата Кытайдын Борбор Азия өлкөлөрүнө салган инвестициясынын жалпы көлөмү 40 миллиард долларга жакын сумманы түзгөн. Анын 21,2 миллиарды Казакстанга туура келген. 2021-жылдын соңуна карата Борбор Азияда 7 700 кытайлык фирмалар иштеп жатканы кабарланган.

Си Цзиньпин 2022-жылы январда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолукканда ортодогу товар алмашуу көлөмүн 70 миллиард долларга чейин көбөйтүү пландалып жатканын айткан.

Кытайдын өнөктөштөрүнө болгон таасири тууралуу Тайвандын DoubleThink Lab уюму түзгөн рейтингде Кыргызстан 8чи, Тажикстан 9чу, Казакстан 15чи, Өзбекстан 24чү жана Түркмөнстан 25чи орунга жайгашкан.

XS
SM
MD
LG