Ссылки доступа

Amnesty International уюму Тажикстанды сындады


Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Тажикстанды экономикалык жана саясий жашоосу 30 жылдан бери президенттин жана анын туугандарынын катаал көзөмөлүндө калган өлкө деп атады.

Amnesty International уюмунун 2022-2023-жылдарга карата дүйнөдөгү адам укугунун абалы жөнүндө баяндамасы 28-мартта жарыяланды.

Уюм Тоолуу Бадахшандагы нааразылыкты күч менен басууну, жарандык активисттер менен журналисттердин куугунтукталышын жана камалышын, кыйноолорду, ооган качкындарынын депортацияланышын сындады.

Баяндаманын авторлору тажик бийлиги Тоолуу Бадахшандагы “антитеррордук операциядан” 21 киши өлгөнүн, бейрасмий булактар курман болгондордун саны эки эсеге көп экенин билдиришкенин белгилеген.

Amnesty International аймактын жарандык активисттери, бейформал лидерлери жана журналисттери кармалып, Орусиядагы Памир диаспорасынын бир нече белгилүү өкүлү уурдалып, кийин алардын Тажикстан түрмөлөрүнөн табылганын эске салган.

Баяндамада Бадахшандагы нааразылыктан кийин журналисттер менен блогерлер түздөн-түз куугунтукталып, өлкөдө өз оюн эркин билдирүү күч менен чектелгени белгиленет.

2022-жылы Тажикстанда жети журналист менен блогер узак мөөнөткө эркинен ажыратылган. Алар жалган маалымат таратууга жана экстермисттик, тыюу салынган уюмдардын ишине аралашууга айыпталган. Журналисттер менен алардын туугандары айыптоолорду четке кагып келет.

Укук коргоочулар былтыр ондогон ооган качкындары Тажикстандан күч менен чыгарылганын айыпташкан.

Тажикстан бийлиги Amnesty International уюмунун баяндамасына реакция жасай элек.

XS
SM
MD
LG