Ссылки доступа

Түркияда түркмөн активисттери бейөкмөт уюм түзүштү


Түркияда түркмөн активисттери өкмөттүк эмес коомдук уюмду каттоодон өткөрүштү.

“Hak Нukuga Daýanç” ("Укук менен мыйзамга таянуу") уюмунун бет ачары 26-мартта Стамбулда өттү.

Жаңы уюмдун уюштуруучулары Түркия менен Түркмөнстандагы түркмөн жарандарынын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүнү, түркмөн бийлигинин куугунтугуна кабылган кишилерин укугун коргоону максат кылат. Түркмөн активисти Дурсолтан Таганова уюмдун жетекчиси болуп дайындалды.

Экономикалык кыйынчылыктардан улам Түркияда иштеп жүргөн түркмөнстандыктар узак жылдардан бери ар түрдүү көйгөйлөргө кабылып келишет. Алардын көбү юридикалык жардамга муктаж. Ондогон адамдар паспортторун алмаштыра албай, Түркияда мыйзамсыз жүрүүгө аргасыз. Алар иштөөгө, дарыланууга, окууга уруксат ала албай жүрүшөт. Жүздөгөн түркмөндөр айлап депортация борборлоруна түшүп калышат.

Түркиянын миграция кызматынын маалыматына караганда, ушул тапта өлкөдө 222 миңден ашуун түркмөнстандык жаран бар. Көз карандысыз булактар легалсыз жүргөндөрдүн саны расмий маалыматтан бир нече эсеге көп экенин билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG