Ссылки доступа

Амударыяда каналдын курулушу Түркмөнстанда суу көйгөйүн курчутушу мүмкүн


Амударыя
Амударыя

"Талибан" кыймылынын Амударыядан суу алуу үчүн чоң канал куруп жатышы Борбор Азия өлкөлөрү үчүн кошумча көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Анын терс кесепеттери ириде Түркмөнстан менен Өзбекстанга тиет.

"Талибан" башкарган ооган өкмөтү 2022-жылы 31-мартта Балх провинциясы менен Борбор Азия өлкөлөрү чектешкен жерде ири каналдын курулушун баштай турганын жарыялаган.

Курулуп жаткан канал Түркмөнстан менен чектешкен Жаузжан и Фараб провинциялары аркылуу да өтөт. Долбоорго ылайык, каналдын узундугу 285 чакырымды, туурасы 100 метрди, терегдиги 8 метрди түзөт. Талибдер курулушту беш жылда аяктоону, быйылкы жылдын соңуна чейин 100 чакырым бөлүгүн бүткөрүүнү пландоодо.

Канал бүткөндөн кийин Амударыядагы суунун үчтөн бир бөлүгү Ооганстандын түндүк райондоруна бурулары, натыйжада, Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Түркмөнстан менен Өзбекстанда суу тартыштыгы күчөй турганы айтылууда.

Ушул тапта Борбор Азиядагы беш өлкө Амударыядагы сууну 1987-жылы кол коюлган Ташкент келишимине ылайык бөлүшүп келет. Келишимге катышпаган Ооганстан эми сууну өзүнүн айыл чарба муктаждыктары үчүн буруп кетүүгө ниеттенүүдө.

Гиндикуш тоолору менен чектешкен Амударыя Түркмөнстандын айыл чарбасын керектүү суу менен камсыздап келет.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысы дарыя мурда ылайланып катуу акса, азыр суу азайып, агымы да жайлап калганын билдирүүдө.

Жергиликтүү адистер канал пайдаланууга берилсе, суу көйгөйү Лебап облусунда эле эмес, өлкөнүн бардык аймагында курчуй турганын айтып жатышат.

22-мартта "Талибан" түзгөн өкмөттүн премьер-министринин орун басарынын милдетин аткаруучу, молдо Абдул Гани Бародар Ооганстан "Өзбекстан менен өз ара түшүнүшүүнүн негизинде" Амударыяда Коштепе каналын курууну ишке ашырууга даяр экенин билдирген. Бул тууралуу ал Өзбекстан президентинин тышкы саясат боюнча атайын өкүлү Абдулазиз Камилов менен жолугушуусу учурунда айткан.

XS
SM
MD
LG