"Норвегия-Хельсинки комитети", "Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк", "Жарандык укуктарды коргоочулар", "Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду" жана "Укук коргоочуларды коргоо боюнча эл аралык фонд" уюмдарынын мындай мазмундагы биргелешкен билдирүүсү 24-мартта жарыяланган.
Анда өткөн жылы Тажикстанда жети блогер жана журналист камакка алынганы белгиленип, өлкөдө "журналисттерди кысымга алуу өнөктүгү уланып жатканы" жазылган.
"Журналисттерге козголгон кылмыш иштери башкача ой жүгүрткөндөрдү куугунтуктоо өнөктүктүн бир бөлүгү. Тажикстан сөз эркиндиги боюнча алган милдеттенмелерин аткарбай, журналисттердин иштери жабык каралып, фактылар коомчулуктан жашырылууда", – деп жазылган билдирүүдө.
Эл аралык уюмдар Фозиловдун күнөөсү далилденбегенин белгилеп, анын камакта калышы мыйзамга каршы келерин билдиришкен. Алар Тажикстандын өкмөтүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууга жана журналисттерге карата куугунтукту токтотууга чакырышты.
Бийликти сындаган 37 жаштагы журналист Хуршед Фозилов быйыл 6-мартта кармалган. Жакындары ага "Тажикстандын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасоо" беренеси менен айып тагылганын билдиришкен. Журналист өзү бул айыптарды четке кагууда. Учурда ал Хоженттеги убактылуу кармоочу жайда камакта отурат.