Ссылки доступа

Алматы: 21 талапкер шайлоонун жыйынтыгы боюнча прокуратурага кайрылды


Казакстанда мажилис жана маслихат депутаттарын шайлоого бир мандаттуу округдар боюнча катышкан 21 талапкер Алматы шаардык прокуратурасына жамааттык арыз менен кайрылды. Алар шайлоодогу мыйзам бузууларды текшерип, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылууда.

Арызга кол койгондор добуш берүүнүн расмий жыйынтыктарын тааныбай турганын билдирип жатышат. Алматы, Астана, Чымкент, Орол шаарларындагы талапкерлер шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.

Алматы шаардык прокуратурасынан талапкерлердин арызы "мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө" карала турганын билдиришти.

Өткөн жумада Алматыдагы шайлоонун жүрүшүнө байкоо салган "Көз карандысыз байкоочулар" уюму добуш берүүнүн жүрүшүндө көптөгөн мыйзам бузуулар жана тоскоолдуктар болгонун билдирип, сотко беш арыз тапшырган.

ЕККУнун байкоочулар миссиясы добуштарды саноодо, жыйынтык чыгарууда көйгөйлөр болгонун белгилеп, бюллетендерди жапырт таштоо учурлары да катталганын билдирген.

Казакстандын Башкы прокуратурасы шайлоо күнү "бирин-серин" мыйзам бузуулар болгонун, алар "добуш берүүнүн жыйынтыктарына таасир этпегенин" маалымдаган.

Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасына жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо 19-мартта өткөн. 27-мартта жарыяланган акыркы жыйынтыкка ылайык, парламентке жети партиянын алтоо өттү. Бийликтеги "Аманат" партиясы мажилистеги 98 мандаттын 60ына ээ болду.

XS
SM
MD
LG