Ссылки доступа

ДССУ: Тажикстан безгекти жеңген өлкөлөрдүн катарына кирди


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Тажикстан безгекти (малярия) жеңгенин билдирип, бул оору катталбаган 42 өлкөнүн тизмесине киргизди.

Уюмдун расмий билдирүүсүндө ДССУ Тажикстанга өз аймагында безгекти жеңгени үчүн сертификат бергени белгиленген.

"Сертификат берүү – бул ооруну жоготуу боюнча өлкөнүн көп жылдык аракетинин жыйынтыгы болуп калды", – деп жазылган анда.

Ушундай эле документ Тажикстан менен бирге Азербайжанга да берилди.

Безгек – адамга бул ооруну алып жүргөн ургаачы чиркей чакканда жуга турган өмүр үчүн кооптуу жугуштуу оору.

Тажикстанда безгек оорусу совет доорунда эле жок кылынган. Бирок 1997-жылы өлкөдөгү жарандык согуш учурунда кайра башталган. Айрым маалыматтар боюнча анда Тажикстанда безгек 30 миң кишиден аныкталганы кабарланса, башкаларында ал 120 миңге жакын адамга жукканы айтылат. Ооруну эл аралык уюмдардын жардамы менен жеңүүгө мүмкүн болду. Тажикстанда безгек акыркы жолу 2014-жылы аныкталган.

XS
SM
MD
LG