Ссылки доступа

Түркияда түркмөн жаранынын сөөгү табылды


Стамбул шаары. Иллюстрациялык сүрөт
Стамбул шаары. Иллюстрациялык сүрөт

Түркиянын Стамбул шаарында Түркмөнстандын Арслан Аннаев аттуу 38 жаштагы жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу NTV телеканалы кабарлады.

Маалыматка караганда, түркмөн жаранынын сөөгү шаардын Авжылар районундагы турак жай комплексине жакын жердеги темир тосмого асылып турган жеринен табылган. Аны алгачкылардан болуп эртең менен жумушка бараткан жарандар көрүп, полицияга кабар беришкен. Аннаевдин сөөгү Соттук медицина институтунун өлүкканасына жеткирилген.

Буга чейин Түркиянын SonDakika маалымат агенттиги маркумдун денесинде ур-токмоктун белгилери болгонун билдирген.

Учурда Түркмөнстан жаранынын өлүмү боюнча тергөө иштери уланууда.

Түрк басылмаларында түркмөнстандыктарды өлтүрүүгө байланышкан криминалдык окуялар тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып турат.

Түркиянын Миграция кызматы 2023-жылдын январь айында жарыялаган акыркы маалыматтарга ылайык, өлкөдө Түркмөнстандын 222 090 жараны мыйзамдуу түрдө жашап жүрөт. Көз карандысыз булактар Түркияда мыйзамсыз жүргөн түркмөнстандыктардын саны мындан бир нече эсеге көп экенин кабарлап келишет.

XS
SM
MD
LG