Ссылки доступа

Түркмөнстан Бердымухамедовдун урматына курулуп жаткан шаарга 5 млрд доллар жумшайт


Түркмөнстан Гурбангулы Бердымухамедовдун урматына курулуп жаткан шаарга 5 миллиард доллар коротот. Бул тууралуу 29-мартта “Франция 24” телеканалы түркмөн аткаминерлерине шилтеме жасоо менен билдирди.

Бул сан 2020-жылы февралда жарыяланган суммадан үч эсеге көп.

"Шаарды куруунун биринчи айлампасында 3,3 млрд доллар, экинчисинде дагы 1,5 млрд доллар керек", - деген курулуш боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Дерягелди Оразов.

Басылма Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча Түркмөнстандын ички дүң өнүмү 45 млрд долларга жетерин кошумчалаган. Аркадагдын курулушу республиканын жылдык кирешесинин 10% түзөт.

Ахал облусунун жаңы административдик борбору катары Аркадаг шаары курулары 2019-жылы белгилүү болгон. Түркмөн бийлиги 2020-жылы февралда курулушка 1,5 млрд доллар керектелерин айткан.

Аркадаг түркмөн тилинен которгондо "колдоочу" дегенди билдирет. Дал ушундай наамга өлкөнүн мурдагы президенти, парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов ээ.

XS
SM
MD
LG