Ссылки доступа

Мирзиёев нукустук тургундун үйүндө ооз ачты


30-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Нукус шаарындагы Алтын-жагыс маалесине барып, тургундардын жашоо-турмушу менен таанышты.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, бул маалдеде төрт миңден ашуун киши жашайт.

Мирзиёев мааледеги иштер менен таанышып, жашоочулар менен баарлашты.

“Район көрктөндүрүлүп жатканына кубанычтамын, элдер ыраазы экенин көрүп турам. Биз бул ишти бардык жерде улантабыз. Быйыл Каракалпакстандагы маалелерди көрктөндүрүү, жол, суу, мектептерди, бала бакчаларды жана медициналык пункттарды куруу үчүн 1,5 триллион сум (130 миң доллардан ашык) бөлөбүз”, - деди Мирзиёев.

Өзбекстан президенти Каракалпакстандагы 452 мааленин ар бирине кошумча 500 миллион сумдан (43 миң доллар) бөлүнөрүн айтты.

Мирзиёев жергиликтүү тургундардын биринин үйүнөн ооз ачты. Ал сүмөлөк даярдаган жергиликтүү жашоочулардын майрамына да катышты.

XS
SM
MD
LG