Рустам Сайдахмадзода "кылмыш тууралуу жалган маалымат берүү", "мыйзамсыз өкүм чыгаруу", "кызмат абалынан аша чабуу" жана "алдамчылыкка" айыпталууда. Мурдагы судья жана анын жакындары айыптоолорду четке кагууда.
"Озоди" радиосунун өз булагы Рустам Сайдахмадзода Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго кат жазгандан кийин кармалганын билдирди.
"Сайдахмадзода катта Бобожон Гафуров райондук сотунун төрагасы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча козголгон кылмыш иштерин судьялар арасында туура эмес бөлүштүрүп жатканын айткан. Судья өзү ушундай иштен тогузду гана алганын, кесиптештерине 50-60 иш берилгенин билдирген. Катта ал бул маселени чечүү үчүн комиссия түзүүнү сураган. Бирок анын өзүн жалган маалымат берүүгө айыпташкан", - деди өз булак.
44 жаштагы Рустам Сайдахмадзода былтыр 29-июнда кармалган. Бир аптадан кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Сайдахмадзода "соттордун ар-намысына жана кадыр-баркына доо кетиргени үчүн" иштен алынганы тууралуу жарлык чыгарган.
Рустам Саидахмадзода чуулгануу иштердин биринде актоо өкүмүн чыгаргандан кийин эл арасында таанылган. Тажикстанда соттор актоо өкүмүн сейрек чыгарат. Тажик судьялары кылмыш иштерин караганда көбүнчө айыптоочуларды колдошот.
2020-жылы Тажикстанда соттор 10, 2021-жылы 2 гана актоо өкүмүн чыгарган.