Ссылки доступа

Түркмөнстанда ортомчулар чет өлкөлөргө виза жана авиабилет сунуштап жатышат


 Ашхабаддын эл аралык аэропорту (иллюстрациялык сүрөт)
Ашхабаддын эл аралык аэропорту (иллюстрациялык сүрөт)

Түркмөнстанда жарандардын чет өлкөлөргө чыгуусуна карата чектөөлөр улам күчөп баратат. Бул арада Лебап облусунда виза жана билет алууга жардам көрөтө турган ортомчулар пайда болду. Алар кызмат акы үчүн миң доллардан ашык акча сурап жатышат.

"Бул кишилер Казань менен Дубайга иштөө үчүн бараткандарга үч айлык виза жана билет сатып берүүгө көмөктөшөт. Эгер аларга биометрикалык паспортуңду жана 1 200 доллар берсең, 10 күн аралыгында сенин үйүңө виза менен билетти жеткирип беришет", - деди "Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысы.

Ортомчуларга толук ишенүүгө болбойт. Алданып калуу ыктымалдыгы жогору. Бирок жарандар бюрократиялык маселелерден качып, алардын кызматынан пайдаланууга арасыз болууда.

Февралда түркмөн жарандарына биометрикалык виза берүү убактылуу токтотулганы кабарланган. Мартта түркмөн бийлиги чет паспорттор менен визаларды алуу эрежелерин катаалдаштырган. Бул арада түрк визасын алган жарандардан алар активисттик иштерге катышпай турганы жөнүндө тил кат талап кылынууда.

Жума башында Казакстанга чыккан түркмөнстандыктар өлкөгө кайтып келери тууралуу кепилдик кат берүүгө милдетендирилгени белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG