Ссылки доступа

Түркмөнстандыктар өз эсебинен веложүрүшкө катышууга мажбурланууда


Ашхабад шаарындагы веложүрүш
Ашхабад шаарындагы веложүрүш

Түркмөнстанда 7-апрелде белгилене турган Дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата даярдыктар жүрүүдө. Анын алкагында бийлик миңдеген жумушчулар менен студенттерди бул күнгө пландалган веложүрүшкө катышууга мажбурлап жатат.

Маалыматка караганда, ири веложүрүш өлкөнүн баш калаасы Ашхабад шаарында президент Сердар Бердымухамедовдун жана жогорку кызматтагы аткаминерлердин катышуусунда өтөт. Ага катышуу үчүн миңдеген жумушчулар менен студенттер иштен жана окууларынан бошотулду.

26-мартта Түркмөнбашы шаарындагы веложүрүшкө даярдык көрүү үчүн Батыш-Балкан облусунан 1 200гө жакын жумушчу барганы кабарланды. Алардын арасында медиктер, мугалимдер, полиция кызматкерлери, райондук соттун жана прокуратуранын өкүлдөрү бар. Бийлик жүрүшкө катышуу үчүн ар бир мекемени мүмкүнчүлүгүнө жараша үчтөн 10го чейин кызматкер жөнөтүүгө милдеттендирген.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы курорттук Аваз шаарында да веложүрүшкө даярдык көрүү үчүн көптөгөн студенттер топтолгонун кабарлады. Аты-жөнүн айткысы келбеген студенттердин бири уюштуруучулар аларга веложүрүшкө керектүү болгон жабдууларды, анын ичинде атайын велосипеддер менен кийимдерди бербегенин билдирди.

Балкан облусунан келген мугалимдердин бири бийлик жумуш берүүчүлөрдү, мектептерди жана ооруканаларды веложүрүш катышуучуларын керектүү жабдыктар менен камсыз кылууга милдеттендиргенин билдирди.

"Айрым жумуш берүүчүлөр бул үчүн кызматкерлердин өзүнөн акча чогултуп жатышат. Мекеме жетекчилери акча берүүдөн баш тарткан жумушчулар ээлеген кызматына карабастан иштен алынарын эскертип жатышат. Алар ар бир катышуучу үчүн 1 700 долларга жакын каражат топтошу керек болууда", – деди ал.

Дүйнөлүк ден соолук күнү — Түркмөнстанда мамлекеттик майрам болуп эсептелет. Бул күнү өлкөнүн мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун велосипед тээп, ат минип, баскетбол ойноп, спортзалда машыкканы мамлекеттик телеканалдардан көрсөтүлүп келген.

2020-жылы Түркмөнстанда велосипедчинин дүйнөдөгү эң чоң эстелиги тургузулган. Өлкө ошондой эле "велосипед спорту боюнча 3 246 киши катышкан эң ири машыгуу өткөргөнү" жана "1 995 киши катышкан эң узун аралыктагы веложүрүш уюштурганы үчүн" Гиннестин рекорддор китебине кирген.

XS
SM
MD
LG