Ссылки доступа

Эл аралык уюмдар Тажикстандан юрист Манучехр Холикназаровду бошотууну сурашты


Манучехр Холикназаров
Манучехр Холикназаров

Жети эл аралык уюм, анын ичинде Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (International Partnership for Human Rights), Кыйноого каршы дүйнөлүк уюм (World Organisation Against Torture) тажик бийлигинен адвокат Манучехр Холикназаровду тез арада бошотууну талап кылды.

Тажикстандын Жогорку соту 2022-жылдын декабрь айында Памир юристтер ассоциациясынын төрагасын “кылмыштуу топту уюштуруу” жана “экстремисттик уюмдун ишин уюштуруу” беренелери боюнча айыптап, 16 жылга эркинен ажыраткан. Манучехр Холикназаров күнөөсүн мойнуна алуудан баш тарткан.

Памир юристтер ассоциациясынын башчысы, Кыйноого каршы коалициянын жана "Комиссия 44түн" мүчөсү Манучехр Холикназаров былтыр май айында Хорог шаарында кармалган.

Эл аралык уюмдар тажик бийлигин бейөкмөт уюмдарды жаап жатканы үчүн да сындады. Норвегия Хельсинки комитетинин башкы катчысы Берит Линдеман тажик өкмөтү сын-пикир айткандардын үнүн басууга аракет кылып жатат деп эсептейт.

CIVICUS Monitor иликтөө инстурментинин 16-мартта жарыялаган баяндамасында Тажикстан Түркмөнстан, Кытай, Сирия жана Африка менен Азиядагы айрым мамлекеттердей эле “жабык өлкө” деп аталган. АКШнын Мамлекеттик департаментинин дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы жөнүндө баяндамасында Тажикстан авторитардык мамлекет деп таанылган. Бул отчеттордун авторлору өлкөдө нааразылык акциялары күч менен басылып, журналисттер, активисттер жана юристтер камалып жатканын эске салышкан.

XS
SM
MD
LG