Тоо-кен жана жарандык курулуш тармактары үчүн жардыргыч заттарды чыгарган испаниялык Maxam корпорациясы быйыл март айында Лондондогу сотко кайрылган. Пикир келишпестик Өзбекстанда минералдык жер семирткичтер менен химиялык продукцияларды өндүргөн "Максам-Чирчик" ишканасынын үлүшүнө байланыштуу. "Узкимёсаноат" мамлекеттик ишканасы анын өнөктөшү болуп саналат. Компания келишим шарттары ырааттуу бузулганына байланыштуу сотко кайрылган. Бирок кандай шарттар бузулганы айтылган эмес.
Басылма билдиргендей, өзбек өкмөтү мамлекеттик акциялардын 2% өзбек инвесторлоруна сатуу менен быйыл 11 миллиард доллар чогултууга ниеттенип жатат. Бирок жакында өткөн аукциондор бул көрсөткүчө жетүү оңой эмес экенин көрсөттү.
Маселен, суроо-талаптын аздыгынан UzAuto Motors өткөн айда акцияларынын бир аз бөлүгүн сатуу менен башта күткөндөй 90 миллион доллар эмес, 5 миллион доллар гана чогулта алган.