Ссылки доступа

Тажикстанда аскерге чакырууда чүчүкулак жана электр жарыгын өчүрүү ыкмалары колдонулууда (видео)


Тажикстанда аскерге жазгы чакыруу өнөктүгү 1-апрелде башталды. Өлкөнүн бардык аймактарында уландарды Куралдуу күчтөрдүн катарына тартуунун ар түрдүү ыкмалары колдонулуп жатканы жөнүндө маалыматтар тарап жатат.

Маселен, Вахш районунда кагазга "+" же "-" деп жазылып, чүчүкулак өткөрүлүүдө. Баары жөнөкөй: "+" жазылган кагазды алгандар армияга барат, "-" колуна тийгендер аскердик кызмат өтөөдөн кутулат.

Мындай ыкма Тажикстандын башка аймактарында да колдонулууда. Уулдары Орусияда иштеп жүргөн ата-энелер "+" кагазын алып калса, балдарын ал жактан чакырып, аскерге жөнөтүүгө милдеттүү.

Саясий активист Рамазон Хусейниёндун айтымында, Исфарада Орусияда аскер курагында балдары бар үй-бүлөлөрдүн жарыгы өчүрүлүп, Орозо айында мечитке киргизилбей, мамлекеттик мекемелерде маалымкат менен документтер берилбей жатат.

Укук коргоочулардын пикиринде, аскерде кызмат өтөөдөн качууга армияда тиешелүү шарттын жоктугу, жоокерлерге жасалган орой мамиле жана үстөмдүк себеп болуп келет. Тажик өкмөтүнүн БУУнун Адам укуктары комитетине жөнөткөн баяндамасында 2019-2021-жылдары өлкөдө 100дөн ашуу жоокер армиядагы "чоңсунуудан" улам каза тапканы айтылган.

XS
SM
MD
LG