Ссылки доступа

Forbes журналынын миллиардерлер тизмесине алты казакстандык кирди


Америкалык Forbes журналы дүйнөнүн эң бай адамдарынын кезектеги тизмесин жарыялады. Ага Казакстандын беш жараны жана бир резиденти кирген.

Тизменин 591-сабына KAZ Minerals компаниясынын жана "Казахмыс" корпорациясынын акцияларынын көбүнө ээлик кылган 62 жаштагы Владимир Ким жазылган. Журнал анын капиталын 4,3 миллиард долларга баалап, өткөн жылга салыштырмалуу байлыгы 700 миллион долларга азайганын белгилеген.

Forbes'дун маалыматына ылайык, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Динара Кулибаева менен күйөө баласы Тимур Кулибаевдин байлыгы бир жылдын ичинде 1 миллиард долларга көбөйүп, рейтингдин 636-сабына жайгашкан. Былтыр жубайлардын ар биринин байлыгы 3,8 миллиард доллар деп бааланса, быйыл ал 4,3 миллиардга жеткен.

Caspi Bank'тын ээлеринин бири Вячеслава Кимдин байлыгы бир жылдын ичинде дээрлик эки эсеге көбөйгөн. Былтыр анын капиталы 2 миллиард доллар деп бааланса, быйыл 3,6 миллиардга жетип, рейтингде 1 513-орундан 787-орунга чейин көтөрүлгөн.

Орусиянын жараны жана Казакстандын резиденти, Freedom Holding брокердик компаниясынын башчысы Тимур Турлов 1 292-орундан 949-орунга жогорулаган. Анын байлыгы өткөн жылы 2,4 миллиард доллар деп бааланса, быйыл 3,1 миллиардга жеткен.

Мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин иштерин башкаруу менен алектенген 65 жаштагы Болат Утемуратов рейтингде 1096-саптан 1 104-сапка төмөндөгөн. Анын байлыгы бир жылдын ичинде 2,8 миллиард доллардан 2,7 миллиардга чейин азайган.

Forbes журналы дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесине кошкон казакстандыктардын көбү экс-президент Нурсултан Назарбаевдин туугандары же жакын адамдары болуп эсептелет. Алардын баары тең Назарбаев бийликте турган жылдары байыган.

Forbes'дун быйылкы рейтингинин алдыңкы үчтүгүнө LVMH компаниясынын башчысы Бернар Арно (211 миллиард доллар), Tesla'нын ээси Илон Маск (180 миллиард доллар) жана Amazon'дун башчысы Жефф Безос кирген.

XS
SM
MD
LG