Рустам Сайдахмадзода "кылмыш тууралуу жалган маалымат берүү", "мыйзамсыз өкүм чыгаруу", "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" жана "алдамчылыкка" айыпталууда. Мурдагы судья жана анын жакындары айыптоолорду четке кагууда.
Мамлекеттик айыптоочу Сайдахмадзоданы тогуз жылга эркинен ажыратууну сураган.
Прокуратура Рустам Сайдахмадзоданы "Озоди" радиосуна күчүнө кире элек өкүмдүн көчүрмөсүн жөнөткөн деп да айыптоодо. Судья соттун жүрүшүндө бул айыптоону четке какты. "Озоди" радиосунун жетекчилиги Жогорку сотко жолдогон катында Рустам Сайдахмадзода менен кызматташпаганын билдирген.
Рустам Саидахмадзода чуулгандуу иштердин биринде актоо өкүмүн чыгаргандан кийин эл арасында таанылган. Тажикстанда соттор актоо өкүмүн сейрек чыгарат. Тажик судьялары кылмыш иштерин караганда көбүнчө айыптоочуларды колдошот.
2020-жылы Тажикстанда соттор 10, 2021-жылы 2 гана актоо өкүмүн чыгарган.
Рустам Сайдахмадзодага карата өкүм жакын арада чыгары күтүлүүдө.