Ссылки доступа

Өзбекстанда студент кыздар жатакананын бөлмөсүнөн жашыруун камера табышты


Кокон пединститутунун студенттери жатакананын бөлмөсүндө жашыруун камера орнотулганын кабарлашты. Кыздардын айтымында, окуу жайдын жетекчилиги аларды ички иштер бөлүмүнө кайрылганы жана "институттун мүлкүн" зыянга учуратканы үчүн урушкан.

Кыздар Kun.uz басылмасына билдиргендей, 1-апрелде аларды референдум боюнча үгүт иш-чарасына шашылыш түрдө чакыртып, бөлмөнү ачууну өтүнүшкөн. Аларга "Wi-Fi сигналын күчөтө турган жабдуу орнотуларын" айтышкан.

Шектенген кыздар бөлмөнүн бурчуна орнотулган кутуну ачып, жашыруун камера табышкан.

Кыздар жабдууну адистерге алып барышкан. Алар анын үн менен видео жазган жана аны түйүн аркылуу башка жабдууга жеткире турган жашыруун камера экенин тастыкташкан. Басылма жашыруун камеранын жардамы менен кыздардын бөлмөсү онлайн көзөмөлдөнүп турганын маалымдады.

Видеокамерага 128 Гб көлөмдөгү видео жазылган. Анын ичинде кыздар кийим алмаштырган учурлар да бар.

Студенттер ички иштер органдарына даттанып, президенттин элдик кабылдамасына кайрылуу жөнөтүштү. Мындан соң проректор аларды ички иштер бөлүмүнө кайрылганы үчүн урушкан. Ректор "окуу жайдын мүлкүн" зыянга учуратканы үчүн зекиген.

Элдик билим берүү министрлиги студенттердин бөлмөсүнө жашыруун камера орнотулганы жөнүндө маалыматты ырастады. Мекеме кызматтык иликтөө жүргүзүлөрүн жана күнөөлүүлөргө чара колдонуларын кабарлады.

XS
SM
MD
LG