Ссылки доступа

Тажикстанда ооган качкындарына психологиялык жардам көрсөтүлө баштады


Тажикстанда жашаган ооган качкындарына компьютердик сабаттуулук, сүрөт тартуу жана чет тилдер үйрөтүлө баштады. Ооган кыз-келиндери психологиялык жардам да алышууда.

Шакила Мухаммади – «Ориёно» борборунда депрессиясын дарылап жаткан ооган аялдарынын бири.

«Ооган качкындары, өзгөчө аялдар стресске көбүрөөк кабылат. Буга үй-бүлөдөгү уруш-талаш, экономикалык жана социалдык көйгөйлөр себеп. Биз депрессия менен стресстен арылуу үчүн бул жакка келебиз», - деди ал.

Ооганстандык Валиахмад Назаринин айтымында, үч жыл мурун «Ориёно» борборунда оогандыктар англис жана орус тилдерин гана үйрөнүшчү.

«Азыр бул жакта компьютердик сабаттуулук боюнча курстар иштеп жатат. Музыкалык ийрим бар, сүрөт тартуу боюнча студия түзүлдү, ал гана эмес йога боюнча сабактар өтүлүүдө. Бул жерде качкындар менен катар алыскы кыштактардан келген 300дөй жергиликтүү тургун да бар», - деди ал.

«Ориёно» борборун 2020-жылы ооган качкындары негиздеген. Тажикстанда жашаган оогандар имараттын ижарасын жана анда сабак берген 20дай мугалим менен кызматкердин маянасын төлөшөт.

2021-жылы августта миңдеген ооган качкындары жер которуп, алардын бир бөлүгү Тажикстанга качып келген. Расмий маалымат боюнча Тажикстанда 10 миңден ашуун ооган бозгуну бар.

XS
SM
MD
LG