Ссылки доступа

Тажикстанда камактагы адвокатка каршы дагы бир кылмыш иши козголду


Тажикстанда узак мөөнөткө соттолгон адвокат Бузургмехр Ёровго карата кезектеги кылмыш иши козголуп, Вахдат түрмөсүнөн Душанбедеги тергөө абагына которулду.

Кеңсеси Польшада жайгашкан "Бузургмехр" фондунун 4-апрелдеги маалыматына караганда, Ёров "алдамчылыкка" айыпталууда. Тажикстанда бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн сегиз жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

"Кылмыш иши Ёров жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Вахдат түрмөсүндөгү соттолгондордун биринин арызы боюнча козголгон. Бирок буга эмне негиз болгону дале белгисиз. Биз бул ишти ойдон чыгарылган деп эсептейбиз", – деди фонддун өкүлү.

Азырынча өлкөнүн тиелешүү мамлекеттик органдары адвокатка каршы кылмыш ишинин козголушу боюнча комментарий бере элек.

Бузургмехр Ёров Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2015-жылы сентябрда кармалган. Ага "Алдамчылык" жана "Документтерди жасалмалоо" беренелери боюнча айып тагылып, 2017-жылы 28 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Ёровго "Бийлик өкүлүн кемсинтүү", "Сотту сыйлабоо" жана "Улут лидери, президентке акаарат келтирүү" беренелери менен дагы бир нече кылмыш иши козголгон. 2021-жылы "Мунапыс тууралуу" мыйзам менен анын камактагы мөөнөтү төрт жылга кыскартылган.

2019-жылы БУУнун Негизсиз кармоолор боюнча жумуш тобу Бузургмехр Ёровду камакка алуу менен Тажикстандын бийлиги "эл аралык укукту бузганын" билдирип, тажик өкмөтүн аны тез арада эркиндикке чыгарууга үндөгөн. Өз кезегинде расмий Душанбе "адвокаттын ишинде саясат жок экенин", "анын күнөөсү сотто далилденгенин" билдирген.

XS
SM
MD
LG