Ссылки доступа

Казакстан дүйнөлүк ири мунай компанияларын сотко берди


Казакстандын өкмөтү өлкөдөгү Кашаган жана Карачаганак мунай кендерин иштетип жаткан компанияларга каршы эл аралык арбитражга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, Астана долбоордогу өнөктөштөр Кашаган боюнча 13 миллиард доллар, Карачаганак боюнча 3,5 миллиард доллар чыгашаны кемитпеши керек болчу деп эсептөөдө. Казак өкмөтүнүн дооматы 2010-2019-жылдарга тиешелүү.

"Сот казак өкмөтүнүн пайдасына чечим чыгарса, анда ал бул кендердеги кирешесинин үлүшүн көбөйтө алат. Казак тарап бул иштер боюнча Женева жана Стокгольмдо арбитрлерди тандаганы кабарланууда", – деп жазды Bloomberg.

Президент Касым-Жомарт Токаев былтыр июнь айында Орусиянын "Россия 24" телеканалына берген маегинде Казакстандагы жер казынасын пайдалануу жана продукцияны бөлүштүрүү боюнча келишимдерди "кайра карап чыгуу" керектигин билдирген. Мамлекет башчысы 1990-жылдардын башында казак өкмөтү чет өлкөлүк инвесторлорду чакырууга аргасыз болгонун, анткени ал кезде Казакстанда ири активдерди менчиктештирүүгө каражат болбогонун айткан.

Токаевдин бул маеги Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдан кийин жарыяланган. Жаңы кабыл алынган Баш мыйзамда өлкөдөгү жер казынасын мамлекет бөлүштүрөт.

Ал арада талдоочулар өлкө элитасынын арасында таасир бөлүнүшүнүн белгилери байкалып жатканын жана Токаевдин администрациясы орусиячыл багытын күчөткөнүн белгилеп жатышат.

Казакстандагы мунайдын 80% Карачаганак, Кашаган жана Тенгиз кендеринде өндүрүлөт. Аларды негизинен АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн компаниялары иштетет.

XS
SM
MD
LG