Ссылки доступа

Казакстанда күйүүчү майдын жасалма тартыштыгы жаралбашы үчүн мунай базалары текшерилет


Казакстанда күйүүчү майдын жасалма тартыштыгын жаратпоо үчүн аймактык штабдарга мунай базаларын текшерүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди.

"Өлкө боюнча дизель майынын жалпы запасы 308,56 тоннаны түзөт. Бул 2023-жылдын 1-январындагы запастан 59 миң тоннага көп. Ошол эле маалда аймактардагы айрым май куюу жайларында дизель майын сатууга чектөөлөр болууда", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

3-апрелде Энергетика министрлиги бензиндин жогорку баасын 11%, дизель майыныкын 20% көтөрүү чечимин кабыл алган. Анда бул чечим күйүүчү майдын тартыштыгын алдын алуу чарасы катары түшүндүрүлгөн. Мекеме тартыштыктын негизги фактору катары транзиттик автотранспортту жана коңшу өлкөлөргө көмүскө экспорттоону атаган.

4-апрелде Энергетика министрлиги "газ баасынын төмөн болушу аны ыксыз пайдаланууга алып келерин" билдирип, Алматы баштаган бир нече аймакта автогазды кымбаттатуу планын жарыялаган.

Ошол эле күнү өлкөнүн премьер-министри Алихан Смаилов бул "аргасыз кабыл алынган чечим" экенин айткан. "Эгер азыр мындай кадамга барбасак, анда жакынкы убакта күйүүчү май тартыштыгына кабылабыз", – деген ал.

XS
SM
MD
LG