Ссылки доступа

Казакстанда жыл башынан бери 4,5 миңден ашык этникалык казак кандаш макамын алды


2023-жылдын башынан бери 4 575 этникалык казак тарыхый мекенине кайтып келип, кандаш макамын алды. Бул тууралуу Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кандаш макамын алгандардын 52,4% Өзбекстандан, 19,3% Кытайдан, 13% Орусиядан, 6,3% Түркмөнстандан, 5,3% Монголиядан жана 3,7% башка өлкөлөрдөн келген.

1-апрелге карата Казакстанга көчүп келген этникалык казактардын 69,1% ишке жарамдуу курактагы адамдар түзөт. Калган 22,3% жаштар, 8,6% пенсионерлер.

Өткөн жылы ноябрдын аягында казак өкмөтү 2023-жылдан тарта Казакстандын жарандыгын алуу үчүн пилоттук режимде мамлекеттик тилди билүү сынактарын киргизүү пландалып жатканын кабарлаган. Аны алгачкылардан болуп документтеринде улуту көрсөтүлбөгөн этникалык казактар тапшырышы керек болот.

Расмий маалыматтарга ылайык, 1991-жылдан бери Казакстанга кайтып келген этникалык казактардын саны 1 миллион 111,1 миңге жетти.

XS
SM
MD
LG