Ссылки доступа

Укук коргоочу тажикстандык аткаминерлерге санкция салууну сунуштады


Мариус Фоссум
Мариус Фоссум

Норвегия-Хельсинки комитетинин өкүлү Мариус Фоссум "сот адилеттүүлүгүн жана мыйзам үстөмдүгүн бузуп жаткан" тажик бийлигине карата "даректүү санкцияларды" киргизүүнү сунуштады.

"Тажикстандын бийлиги көз карандысыз журналист Хуршед Фозиловду мыйзамдуу журналисттик ишмердүүлүгү үчүн куугунтуктап жатат. Мындай жол менен алар өлкөдөгү сөз эркиндигинин "калдыктарын" тазалоодо", – деп жазды Фоссум "Твиттер" баракчасына.

Бийликти сындаган 37 жаштагы журналист Хуршед Фозилов быйыл 6-мартта кармалган. Жакындары ага "Тажикстандын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасоо" беренеси менен айып тагылганын билдиришкен. Эгер ал бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса 5 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. Журналист өзү бул айыптарды четке кагууда. Учурда ал Хоженттеги убактылуу кармоочу жайда камакта отурат. Анын адвокаты негизсиз камакка алуу, жеке кол тийбестик принцибин бузуу жана өзүнө каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлоо боюнча Согд облустук прокуратурасына арыз менен кайрылган.

2017-жылы Freedom House, Human Rights Watch, Freedom Now, Transparency International өңдүү эл аралык 23 бейөкмөт уюм АКШнын Мамлекеттик департаменти менен Каржы министрлигине кайрылып, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндөгү "адам укуктарын бузууга" жана "жемкорлукка" айыпталган кызмат адамдары менен ишкерлерге каршы санкцияларды киргизүүнү сунушташкан.

Ал тизмеге Тажикстандан Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов киргизилген. Бирок ага каршы санкция салынган эмес.

Өткөн жылы Тажикстанда жети журналист жана блогер камакка алынып, жети жылдан 21 жылга чейинки мөөнөттөргө эрктеринен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG