Мусулмандар дин башкармалыгы Иордания комитетинин № 3240 чечимине таянуу менен курт-кумуркалардан алынган заттар химиялык жол менен башка заттарга айланарын билдирди:
"Бул процесс исламда "истихола", башкача айтканда, бир заттын башка нерсеге айланышы деп аталат. Натыйжада таза эмес заттар баштапкы сапатын жоготуп, курамы боюнча башкача болуп калат".
Мусулмандар дин башкармалыгы курамында Е120 бар азыктарды пайдаланса боло турганын ырастады.
Мурдараак курамында кармин бар йогуртту арам деп атаган блогер Хожиакбар Носиров 15 суткага камалган. Блогер "Улут, раса же дин аралык кастыкты козуткан материалдарды даярдоого, сактоого же таратууга” айыпталган.