Ссылки доступа

Freedom House Тажикстанды диаспора өкүлдөрүн куугунтуктаганы үчүн сынга алды


Тажикстан президентинин Душанбе шаарындагы резиденциясы
Тажикстан президентинин Душанбе шаарындагы резиденциясы

Freedom House эл аралык уюму дүйнөдөгү 38 өлкөнүн, анын ичинде Тажикстандын бийлиги сын-пикир айткан диаспора өкүлдөрүнүн оозун жабуу үчүн болгон аракетин көрүп жатканын билдирди.

Уюмдун стратегиялар жана изилдөөлөр боюнча директору Яна Гороховская 2022-жылдын соңуна карата дүйнөдөгү 38 өлкө 91 мамлекеттеги жарандарына карата репрессиялык аракеттерди көргөнүн билдирди. Анын айтымында, бул өлкөлөрдүн бийликтери "өлтүрүү, кол салуу, кармоо жана мыйзамсыз депортациялоо" сыяктуу жолдор менен сын айткан диаспора өкүлдөрүнүн оозун жабууга аракет кылышкан.

Freedom House уюмунун 2022-жылдагы трансулуттук репрессиялар тууралуу жаңы баяндамасында чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарына карата репрессиялык аракеттер жасалган 854 учур жөнүндө айтылган. Укук коргоочулардын маалыматына караганда, баарынан да Кытайдын, Түркиянын, Орусиянын, Египеттин жана Тажикстандын бийлиги эң көп репрессиялык ыкмаларды колдонгон. Бул өлкөлөргө 2014-жылдан бери катталган мындай учурлардын 63% туура келген.

Яна Гороховская тажик бийлиги 2022-жылы "Орусияда жүргөн тоолуу-бадахшандыктарды куугунтуктоо үчүн Москвадагы эски байланыштарын пайдаланганын" жазды. Анын айтымында, май айында Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы нааразылыктар күч менен токтотулгандан кийин бул аймактан чыккан активисттер Орусияда уурдалып, Тажикстанда узак мөөнөттөргө соттолгон.

Буга чейин Эмомали Рахмондун режимин сындаган бир нече жарандык активисттер менен укук коргоочулар Орусиядан уурдалып же депортацияланганы кабарланган.

Freedom House уюмунун бир ай мурда жарыяланган "Дүйнөдөгү эркиндик — 2023" аттуу баяндамасында Тажикстанды авторитардык саясий системадагы эркин эмес өлкө деп тааныган.

Тажикстандын бийлиги Freedom House'тун ал баяндамасына эч кандай реакция жасаган эмес.

XS
SM
MD
LG