"Мечит имамдары намаз окууга келген жарандардан президенттин чоң апасына дуба кылууну талап кылып жатышат", – деп билдирди радионун аймактагы кабарчысы.
Президент Сердар Бердымухамедовдун чоң апасы, парламент (Халк Маслахаты) төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун апасы Огулабат Бердымухамедова 7-апрелде каза болгон.
ТДХ агенттигинин маалыматына караганда, Бердымухамедова 1937-жылы 15-июнда туулган. Ал Гурбангулы Бердымухамедовдун бийлиги тушунда даңкталып, "Огулабат эже – баатыр төрөгөн эне" деп аталган.
Буга чейин президенттин чоң апасынын каза болгонуна байланыштуу Түркмөнстандагы бардык оюн-зоок иш-чараларына тыюу салынып, батыш облустарда 15-апрелге чейин үйлөнүү тойлорду өткөрүүгө чектөө киргизилгени кабарланган. Мындан тышкары Жол полициясынын кызматкерлери айдоочулардан автоунаада музыка укпоону талап кылып жатканы да айтылган.