Ссылки доступа

Укук коргоочулар активист Мамайга чыккан өкүмдү жокко чыгарууга чакырышты


Активист Жанболат Мамай (ортодо)
Активист Жанболат Мамай (ортодо)

Freedom Now бейөкмөт уюму казак бийлигин өлкөдө каттоодон өтпөгөн "Казакстандын демократиялык партиясынын" лидери Жанболат Мамайга карата чыккан айыптоо өкүмүн жокко чыгарууга чакырды.

10-апрелде Алматынын Бостандык райондук соту Мамайды Январь окуялары маалындагы "жапырт башаламандык иши" боюнча күнөөлүү деп таап, шарттуу түрдө алты жылга кескен. Мамай сотто тагылган айыптарды четке каккан.

Freedom Now уюмунун аткаруучу директору Маран Тернер Мамайга карата чыккан сот өкүмүн "казак өкмөтүн негиздүү сындаган активисттин оозун жабууга багытталган" иштин кульминациясы деп атады.

"Мамайдын журналисттик, публицистикалык жана коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө, коомдук биримдиктердин ишине катышуусуна киргизилген алты жылдык чектөө – анын мыйзамдуу түрдө саясий ишмердүүлүккө аралашуусуна тоскоолдук кылууга багытталган. Ал бул чектөөлөрдү аткарбаса кайра камакка алынышы мүмкүн. Казак бийлигин өкүмдү жокко чыгарып, Мамайдын ишмердүүлүгүнө киргизилген чектөөлөрдү алууга чакырабыз", – деди Тернер.

"Казакстандын демократиялык партиясын" каттоодон өткөрүүгө аракет көрүп келген Жанболат Мамай 2022-жылы февралда 15 суткага камакка алынган. Бул мөөнөтү аяктагандан кийин ага "жалган маалымат таратуу" жана "бийлик өкүлүн кемсинтүү" айыптары тагылып, тергөө абагына которулган. Июнда ага Январь окуялары маалында Алматыда "жапырт башаламандык уюштуруу" боюнча дагы бир айып тагылганы белгилүү болгон. Мамай бул айыптоолордун баарын четке каккан. Ноябрь айында ал үй камагына чыгарылган.

Буга чейин Human Rights Watch, Amnesty International жана Freedom House сыяктуу укук коргоо уюмдары Казакстандын бийлигин Мамайга тагылган айыптардын баарын алып, аны эркиндикке чыгарууга чакырышкан.

XS
SM
MD
LG