Ссылки доступа

Дүйнөлүк банк Өзбекстанга пенсия курагын жогорулатууну сунуштады


Дүйнөлүк банк Өзбекстанга узак мөөнөттүү келечекте пенсия курагын көтөрүүнү сунуштады. Банк муну өкмөттүн өтүнүчү менен даярдалган мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуу тууралуу баяндамасында жазган.

Баяндамага ылайык, Өзбекстандагы демографиялык өзгөрүүлөр жана улгайган кишилердин көбөйүшү – пенсия системасына басым жасоодо.

2019-жылы башталган салык реформасы пенсиялык системага сокку урган: каржылоо булактарынын кыскаруусу ички дүң өнүмгө карата Пенсия фондунун кирешелеринин азайуусуна алып келген. Кызматкердин камсыздандыруу төгүмдөрү жана ишканалардын пайдадан тапкан төгүмдөрү Пенсия фондунун эсебине түшпөй калган.

2015-2018-жылдары бул булактардан түшкөн киреше Пенсия фондунун жалпы кирешесинин 30-33% түзүп турган. Мындан тышкары 2019-жылы жеке ишканалардын социалдык салыгы 25 пайыздан 12 пайызга төмөндөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG