Ссылки доступа

Өзбек чек арачылары кармап кеткен кыргыз жаранын бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат


Ала-Букадагы Көк-Таш айылынын бир тургунун 10-апрелде Өзбекстандын чек арачылары алып кирип кетти.

Бул тууралуу бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев эл менен жолугуп жатканда Көк-Таш айылдык кеңешинин депутаты Хафиза Байназарова айтып чыкты.

"Көк-Таштык Мунарбекти кечээ мал жайып жүргөн учурда өзбек чек арачылары алып кетиптир. Кыргыз чек арачылардын аралашуусу менен Өзбекстанда кармалып турган жаранды бүгүн түштөн кийин алып келишери айтылып жатат. Айылдыктар быйыл чек ара такталып калды, эми мындай учурлар катталбайт деп жүргөн элек дейт", - деди Байназарова.

Ала-Бука районундагы 2030 аскер бөлүгүнүн командири Руслан Мамырканов эки тараптын чек арачылары сүйлөшүү жүргүзүп, кыргыз жаранын өлкөгө кайтаруу иш-аракеттери жүрүп жатканын айтты.

Өткөн 2022-жылы бийлик өзбек тарап менен чек араны тактоонун негизинде 19 миң гектардан ашуун жер Кыргызстанга өткөнүн жарыялады.

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин баяндамасында өзбек тарап Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагына Гавасайдан 12 849 гектар, Көк-Серекке 105 гектар, 212 гектар Баястан айылына, Кара-Белеске 25 гектар, Ажек-Тоого 1307 гектар жер бере турганы белгиленген.

XS
SM
MD
LG