Министрликтин маалыматына караганда, STEPS жугуштуу эмес илдеттерди азайтуу үчүн алардын таралышын иликтөөгө жана тобокелдик факторлорунун тенденцияларына мониторинг жүргүзүүгө багытталган. Медициналык кызматкерлер 18ден 69 жашка чейинки 2 миң 800 кишини текшерип чыгышат.
Сурамжылоону Саламаттык сактоо министрлиги түзгөн интервьючулар тобу өткөрөт.
Алар катышуучулар менен маектешип, боюн, салмагын, белдин айланасын ченеп, кан басымын жана жүрөктүн кагышын өлчөп, кандагы глюкозаны жана липиддерди тез текшерүү үчүн үй чарбаларына барышат.
Министрликтин белгилешинче, изилдөө үч этаптан турат: сурамжылоо, антропометриялык өлчөө жана кандын биохимиялык көрсөткүчтөрүн өлчөө.
Расмий маалыматка караганда, өлкөдө кант диабетине кабылган 74 миң бейтап каттоодо турат. Саламаттык сактоо министрлиги бул илдетке кабылгандардын саны жыл сайын 5-7 миң кишиге көбөйүп жатканын белгилейт.
Бул арада өлкөдө рак менен ооруган 30 миңдей киши каттоого алынган. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча жыл сайын 5,5 миң кишиден өсмө аныкталат.