Ал Күдебаевдин иши боюнча Түркиянын укук коргоо органдарына да өтүнмө жөнөтүлгөнүн кошумчалады.
Марттын аягында айрым басылмалар полициянын мурдагы башчысы Кыргызстан аркылуу Түркияга учуп кеткенин жазышкан. Болжолдуу маалыматтар боюнча бул 23-мартта болгон. Кийин өлкөнүн Чек ара кызматы Серик Күдебаев чек арадагы өткөрмө-бекеттерден расмий чыкпаганын кабарлаган. Мекеме Күдебаев чек араны тоолор аркылуу ашып кеткен болушу мүмкүн деп эсептейт.
Январь окуялары учурунда Алматы облустук полиция департаментинин мурдагы башчысы, 58 жаштагы милициянын генерал-майору Күдебаев иш ордун таштап, полиция имаратынан чыгып кеткени айтылган. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, нааразылык акцияларында кармалган адамдарды кыйноого алган деп айыпталган. Тергөө маалында Күдебаев үй камагында болгон. 3-апрелде ал сотко барган эмес.