Элчи 12-апрелде Душанбеде басма сөз жыйынын өткөрүп, тажик өкмөтү негизги адам укуктарына байланышкан бардык эл аралык милдеттенмелерин жана өлкө Конституциясынын нормаларын сактайт деген ишенимин билдирди. "АКШ мындан ары да адам укуктарын, дин тутуу жана сөз эркиндигин колдой берет. Бул тармакта биз өкмөт, жарандык коом, журналисттер жана укук коргоо уюмдары менен кызматташып жатабыз. Биз жарандык коом менен диалогду улантабыз", – деди элчи.
АКШ элчисинин бул билдирүүсү дипломатиялык өкүлчүлүк адам укуктары маселесине жетиштүү көңүл бурбай жатканы үчүн сынга кабылып жаткан маалда айтылды.
Акыркы бир жылдын ичинде эл аралык укук коргоо уюмдары туруктуу түрдө адам укуктарын бузуп жатканы үчүн Тажикстандын бийлигин бир канча жолу сынга алышкан. АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу 20-мартта жарыялаган баяндамасында Тажикстанды авторитардык өлкө деп атаган.