Ссылки доступа

Тажикстанда армияда өлгөн дагы бир жоокердин сөөгү туугандарына берилди


Тажикстанда армияда каза болгон жоокер Ибодулло Додовдун сөөгү туугандарына берилди. Бул тууралуу "Озоди" радиосу кабарлады.

Аскерге былтыр ноябрда кеткен 18 жаштагы жоокердин атасы Лоик Додов уулунун өлүмүнө эмне себеп болгонун билбей турганын айтууда.

Анын билдиришинче, 9-апрелде баласы менен телефон аркылуу сүйлөшкөн, 10-апрелде болсо анын сөөгү келген.

"Телефондо сүйлөшкөнүмдө саламаттыгы жайында экенин айткан. Уулумдун өлүмүн иликтөө үчүн тиешелүү органдарга арыз жаздым", - деди атасы.

Бул арада маркумдун сөөгүн көргөн жакындарынын бири Ибодулла ур-токмокко кабылганын айтты.

Бир нече ай мурда тажик армиясында 26 жаштагы жоокер өлгөн. Анда бийлик ал пневмониядан каза болгонун билдирген.

Укук коргоочулардын пикиринде, аскерде кызмат өтөөдөн качууга армияда тиешелүү шарттын жоктугу, жоокерлерге жасалган орой мамиле жана үстөмдүк себеп болуп келет. Тажик өкмөтүнүн БУУнун Адам укуктары комитетине жөнөткөн баяндамасында 2019-2021-жылдары өлкөдө 100дөн ашуун жоокер армиядагы "чоңсунуудан" улам каза тапканы айтылган.

Тажикстанда акыркы үч жылда 639 аткаминер жана командир аскер бөлүктөрүндө кылмышты жашырганы үчүн сөгүш алган же кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

XS
SM
MD
LG