Мекеменин маалыматына ылайык, туристтик тейлөө борбору – кафе, намазкана, даараткана, туристтер үчүн маалыматтык борборду камтыйт. "Азаттык" кабарлагандай, департамент туристтик борбор курулуучу жер кайсы инвесторлорго кандай шартта берилерин кабарлаган жок.
2022-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын макамын өзгөртүп, капчыгайга бизнес объектилерди ачууну сунуштаган. Коомчулукта аймактын экологиялык жактан маанилүү экенин, жердин бизнес үчүн берилишин сындагандар болгон.
Ала-Арча улуттук жаратылыш паркы 1976-жылы негизделген. Ал жалпысынан төрт аймакка бөлүнүп, эс алуу, спорттук альпинизм зоналары баарына ачык. Жапайы жаныбарларды көбөйтүү, байкоо жана азыктандыруу аймагы корукка алынган.