Ссылки доступа

Ооганстандын коңшулары биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга макулдашты


Ооганстанга коңшу өлкөлөр бул мамлекеттин инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлоруна катышууга даяр экенин билдиришти. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

13-апрелде Самаркандда Ооганстанга коңшу өлкөлөрдүн – Өзбекстан, Иран, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлеринин төртүнчү жолугушуусу болду. Иш-чарага Өзбекстан төрагалык кылды.

Жолугушууга Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки жана “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү да катышты.

Форумдун жүрүшүндө тараптар Ооганстандагы кырдаалды, инклюзивдүү өкмөт түзүү, ооган аялдарынын жумушка орноштуруу, билим алуусун камсыздоо, улуттук азчылыктардын укуктарын коргоо маселесин талкуулашты.

Ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүү жана улуттук экономиканы калыбына келтирүүгө багытталган аракеттердин механизмин иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.

Тараптар Ооганстанда коңшу мамлекеттердин катышуусу менен инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууну жакташты. Долбоорлор жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана бул өлкөнү аймактык экономикалык жараяндарга интеграциялоого жардам берери айтылды.

XS
SM
MD
LG