Ссылки доступа

Садыр Жапаров: "Аю" компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатат


Мамлекет башчы Садыр Жапаров бул тууралуу "Кабар" агенттигине курган маегинде коррупцияга каршы күрөш боюнча суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Ал "Аю" заводу "кустуруу" өнөктүгүнүн курмандыгы болду деген пикирлерди комментарийлеп, ишкана мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келгенин айтты.

“Аю” компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. "Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, биз бюджетти толтурушубуз керек" деп суранып келдик. Укпады. Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат", - деди Садыр Жапаров.

Кыргызстанда акыркы жылдары алкоголдук ичимдик өндүрүү көмүскөгө кеткени айтылып келет.

Президент Садыр Жапаров да Коопсуздук кеңешинин 2021-жылдын 26-ноябрында өткөн жыйынында алкоголдук ичимдиктер рыногундагы өндүрүштүн төрт эсеге кыскарганына көңүл бурган. Өлкө башчы бул эл аз ичип калганды билдирбесин, алкоголдук тармактын көмүскөгө кетип жатканын күбөлөндүрүп турганын айткан.

2020-жылы акциздик салыкты төлөөдөн четтөөдөн бюджеттин эсептик жоготуулары дээрлик 2,5 миллиард сомду түзгөн.

"АЮ Холдинг" мындан 20 жыл мурда негизделген. Холдингдин курамына 30дай ар түрдүү багытта иштеген компаниялар кирет, алардын катарында "АЮ Курулуш", "АЮ Гранд", "АЮ Лизинг", "АЮ Гарант", "Токмок булз", "Ак сарай" жана башкалар бар. Анын кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы президенти.

Ал Канат Исаев менен катар "Кыргызстан" партиясын түптөгөн. 2020-жылдын Октябрь окуяларынан кийин ал Кыргызстандан чыгып кеткен, учурда айрым маалыматтар боюнча Дубай шаарында жашайт.

XS
SM
MD
LG