"Власть" сайтынын кабарлашынча, былтыр “Астана парковка мейкиндиги” команиясынын ээси бир нече жолу алмашкан. Мурун компанияга “Жашыл жер” жоопкерчилиги чектелген коому ээлик кылса, аны Назарбаевдин фонду же ага караштуу компаниялар башкарган.
25-апрелде Алматы акимчилиги унаа токтотуучу жайларды тейлеген "Алматы спецтехпаркинг сервис" жана Alan Parking компанияларынын кожоюндары "демонополизация жана потенциалдуу зыянды кайтарып берүү үчүн" 30 жана 100 пайыз үлүшүн шаардын менчигине өткөрүп берүүнү чечкенин билдирген.
Бул компанияларды Казакстандын мурдагы президентинин жакынкы, бизнесмен Кайрат Боранбаев көзөмөлдөп келген. Ал "мамлекет менен бирге түзүлгөн ишканадан ири суммада каражат уурдаган" деген шек менен кармалган.