Ссылки доступа

Тажикстан: Прокуратура алты жылга соттолгон динаятчынын иши боюнча комментарий берди


Абдулханнон Усмонов
Абдулханнон Усмонов

Тажикстандын Хатлон облустук прокуратурасы өткөн жумада алты жылга эркинен ажыратылган 51 жаштагы динаятчы Абдулханнон Усмоновго карата чыккан сот өкүмү боюнча комментарий берди.

Мекеменин маалыматына караганда, тергөөнүн жүрүшүндө Усмонов Тажикстанда тыюу салынган "Салафия" кыймылына мүчө экени жана кызынын билим алуусуна тоскоолдук кылганы аныкталган.

"Усмонов намазды салафиттердей окуп, социалдык түйүндөргө экстремисттик мазмундагы видеолорду чыгарып жүргөн. Мындан тышкары ал 2014-жылы 1-класска барышы керек болгон кызынын окуусуна уруксат бербей, Конституциянын 41-беренесин бузган", – деп жазылган прокуратуранын билдирүүсүндө.

Хатлон облустук соту Абдулханнон Усмоновду "Экстремисттик ишмердүүлүккө ачык чакырык жасоо" жана "Милдеттүү билим алууга тоскоолдук кылуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан.

Бул айыптоолор боюнча Усмоновдун өзүнүн жана жакындарынын пикири белгисиз. Адвокат динаятчы өлкөдө тыюу салынган "Тажикстандын улуттук альянсы" кыймылынын видеолорун көргөнү жана таркатканы үчүн соттолгонун билдирди.

Усмонов быйыл январда кармалган. Ага чейин ал жээнинин үйлөнүү тоюнда ырдап жана бийлеп жаткан меймандарды токтотууга аракет кылып, алардын дарегине жаман сөздөрдү айтканы тартылган видео тараган. Анын бул кылыгы социалдык түйүн колдонуучуларынын кыжырын келтирип, көбү дин кызматчысын айыпташкан.

27-январда Тажикстандын Ички иштер министрлиги Абдулханнон Усмоновдун кылган иши үчүн кечирим сураган видеосун жарыялаган.

Хатлон облусунун прокурорунун жардамчысы Варка Зайниддиндин айтымында, Усмонов "музыка менен бийди арам деп эсептеп", ырчынын микрофонун жулуп алып, тойдогу меймандарды таркатууга аракет кылган.

XS
SM
MD
LG