Соцтармак колдонуучуларынын айтымында, өрттүн алдында газ баллон жарылган. Бирок жашоочулар өрткө электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгонун билдирип жатышат. Курмандыктар жок.
Интернетте тараган видеодон өрт алтынчы кабаттагы батирлердин биринде тутанып, кийин коңшу батирлерге жайылганын көрүүгө болот.