Ссылки доступа

Астанада мурдагы маданият министринин соту башталды


17-апрелде Казакстандын мурдагы маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулыга козголгон кылмыш иши боюнча алдын ала соттук угуу башталды.

Бул иш боюнча Астанадагы Улуттук музейдин директорунун мурунку орун басары, "Экспонат" мекемесинин директору жана башкы эсепчиси да сот жообуна тартылууда.

Арыстанбек Мухамедиулы 2022-жылы май айында камалган. Ошол маалда ал Улуттук музейди жетектеп турган. Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы аткаминер "Алтын адамдын дүйнө музейлерин кыдырышы" деп аталган эл аралык көргөзмөгө бөлүнгөн каражаттан 146 миллион теңге (335 миң доллар) кымырып алган деп шектелип жатканын билдирген.

Мухамедиулы 2014-жылдын август айынан 2019-жылдын июнь айына чейин Казакстандын маданият жана спорт министри болгон.

Быйыл 17-январда Астананын райондор аралык тергөө соту Мухамедиулынын абактагы мөөнөтүн узарткан.

XS
SM
MD
LG