Ссылки доступа

ТИМ: казак-кытай визасыз режими "кандастарды" куугунтуктан коргой албайт


Казакстан менен Кытайдын ортосунда пландалган визасыз режим шинжаңдык этникалык казактарды камоо же мүмкүн болгон башка куунутуктан коргой албайт.

Бул тууралуу 17-апрелде Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

“Азаттыктын” кабарчысы суроо узатып, Казакстан жарандыгын алган “кандастар” Кытайга барганда Бээжин аларга иш ачып, камакка алган учурлар болгонун эске салды. Кабарчы эки өлкө ортосунда визасыз режимди киргизүүдө бул жагдай эске алынабы жана бул өлкөгө барганда Кытайда төрөлгөн Казакстан жарандарынын коопсуздугуна кепилдик берилеби деп сурады.

" Кеп Казакстандын жараны жөнүндө болсо да, бул логикага туура келбейт. Ал Кытайга келгенде “Мен Казакстан жаранымын, мага тийбегиле” деп айта албайт. Кылмыш жасаган болсо, албетте, ал үчүн жооп бериши керек”, - деди Айбек Смадияров.

2017-жылдан тартып Кытайдын Шинжаң аймагында мусулман этникалык азчылык өкүлдөрү жабык жайларда кармалган учурлар көбөйгөн. Дүйнө коомчулугу бул жагдайды сынга алып келет. Бээжин ал жайларды "тарбиялоо лагерлери" деп атайт.

Өткөн аптада Казакстан менен Кытай өз ара визасыз режим киргизүүнү пландап жатканы кабарланган. Келишимге ылайык, казакстандыктар Кытайда, ал эми кытайлыктар Казакстанда чек арадан кирген күндөн тартып, отуз күнгө чейин, 180 күндүк аралыкта жалпы 90 күн визасы жок жүрө алат.

Келишимге 18-19-майда, казак президенти Касым-Жомарт Токаев Кытайга мамлекеттик визит менен барганда кол коюлары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG