Ссылки доступа

Казакстанда атайын кызмат бардык нааразылык акцияларын көзөмөлдөйт


Казакстан бийлиги социалдык жаңжалдарды улуттук коопсуздукка коркунуч катары баалап, Улуттук коопсуздук комитетине мындай учурларга кийлигишүү укугун берет. Бул тууралуу BES.media telegram-каналы кабарлады.

Президенттин "Улуттук коопсуздук комитети жөнүндөгү" жарлыгына сунушталган тиешелүү өзгөртүүлөр Ачык өкмөт порталына жарыяланган. Коомдук талкуу 20-апрелде аяктайт.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө социалдык мүнөздөгү өзгөчө абал же аскердик абал режимдери киргизилгенде жаралган кризистик кырдаалдарга улуттук коопсуздук органдарынын даярдыгын камсыз кылуу зарылдыгы белгиленген.

"Жөнөкөй сөз менен айтканда эми кандай гана жаңжал же жарандардын нааразылык акциясы болбосун, расмий түрдө бардыгы тең атайын кызматтын көзөмөлүндө болот. Буга чейин деле ушундай болуп келген, бирок тымызын түрдө", – деп жазды telegram-канал.

Өткөн жылы жайында парламент өзгөчө абал учурундагы жапырт башаламандыктарда же антитеррористтик операциянын жүрүшүндө бийлик өкүлүнө баш ийбегендерге жоопкерчиликти күчөткөн.

Казак аткаминерлери менен депутаттары социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар тууралуу мыйзам долбоорун кандуу Январь окуяларынан кийин активдүү талкуулай баштаган.

XS
SM
MD
LG