Журналист 9-апрелде аянтта сүйлөгөн төрт мүнөттүк сөзүнөн бир нече күн өткөндөн кийин кармалган.
18-апрелдеги сот отуруму онлайн өттү. Ахмедьяров менен анын адвокаты биринчи баскычтагы соттун чечимин мыйзамсыз деп таанып, аны жокко чыгарууну өтүнүшкөн.
Ахмедьяров эч кандай мыйзам бузбаганын жана 9-апрелдеги митингди уюштурбаганын белгилеп, болгону уюштуруучулардын уруксаты менен өз пикирин айтканын билдирүүдө.
Лукпан Ахмедьяров 19-мартта өткөн парламенттик шайлоодо талапкерлигин коюп, бирок утулуп калган. Ал добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмаланганын билдирип чыккан. Буга чейин полиция Аксай шаарындагы бюллетендер топ-тобу менен ташталган шайлоо тилкеси боюнча Ахмедьяров жазган арыздын негизинде тергөө иштерин баштоодон баш тартканы кабарланган.