Мекеменин маалыматына караганда, референдум күнү жашаган аймагында болбой кала турган жарандардын мөөнөтүнөн мурда добуш берүүсү 25-апрелге чейин созулат.
Талдоочулардын пикиринде, президент Шавкат Мирзиёевдин бийликте 2040-жылга чейин калуусуна мүмкүндүк бере турган жаңы Конституциянын кабыл алынбай калуу тобокелдиги өтө төмөн.
Референдумдун алдында Өзбекстандын бардык аймактарында "Конституция сеники, меники, биздики" деген ураан менен майрамдык иш-чаралар өтүп жатат. Социалдык түйүндөрдө "#мага баары бир эмес" деген хэштег менен үгүт иштери жүрүүдө.
Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорун парламент 15-мартта жактырып, мамлекеттик ЖМКларга жарыяланган.
Анын 106-беренесинде президенттик мөөнөттү 5 жылдан 7 жылга көбөйтүү каралган. Ошол эле маалда бир адам катары менен эки же андан ашык мөөнөткө президент болуп шайлана албайт деген эреже сакталып калган.
Мындан тышкары Конституциянын Каракалпакстанга тиешелүү беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилбейт.
Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси былтыр көтөрүлүп, Каракалпакстан автоном Республикасында нааразылык чыккан. Жумуряттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Конституциядан алып салууга каршылар Нукус шаарында демонстрация өткөрүшкөн.
1-2-июлдагы митингдер күч менен басылган. Өзбек бийлиги 21 адам каза таап, 243 киши жараат алганын жана 500дөн ашуун адам кармалганын билдирген.
Өзбекстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум 30-апрелге белгиленген.